Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация


Эмоция – лингвистикалык изилдөөнүн объектиси



бет7/12
Дата27.05.2018
өлшемі3,02 Mb.
#40915
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12

3.1. Эмоция – лингвистикалык изилдөөнүн объектиси

Адамдын эволюция процессинде мээнин чагылдыруу функциясынын өзгөчө формасы катары эмоция пайда болгон. Эмоция – жандуу заттардын ички сезимдеринин муктаждыгын берүү каражаты. Адам турмушунда дээрлик бир дагы абал субъективсиз болбойт [Судаков 1981: 126]. Изилдөөнүн жүрүшүндө бир катар психологдордун, психо-лингвистердин эмгектерине токтолдук. Бейвербалдык каражаттар кабыл алынган маалыматтарга ылайык адамдын дене мүчөлөрү, аӊ-сезими, кыймыл-аракетине чоӊ таасир тийгизүүнүн натыйжасында пайда болгон реакция. Бул эмоциялык реакция же өзгөрүү кыска мөөнөткө гана созулчу процесс. Кийинки мезгилдерде лингвистикада эмотиология (тил жана эмоциянын байланышы) маселесин изилдөөгө кеңири көңүл бурулуп келет. Лингвистика көптөгөн мезгилдер бою тилдеги интеллектуалдык маселелерди иликтөөгө алып, эмоция көңүл чордонунан чыгып калгандай. Анткени эмоция гана адамдын жүрүм-турумун жана өзүн курчап турган айлана-чөйрөнү кандай кабыл алгандыгын аныктайт жана кепти жаратат.

Психолог Э.Изард Кэрролл адамдын эмоциясы жөнүндө мындай пикирин айтат: «Ар улуттагы адамдардын эмоциялык мимикасын изилдөөнүн жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду: кубануу, таң калуу, кайгыруу, ачуулануу, жек көрүү, кызыгуу, уялуу жана коркуу сыяктуу эмоциялар тубаса мүнөзгө ээ. Дүйнө жүзүндөгү адамдар жана ошондой эле жазуусу жана азыркы цивилизациядан кабары жок элдердин бардыгы бирдей психологиялык абалда болот. Бул негизги эмоциялар жана ага тиешелүү мимикалар тилдик жана маданияттык өзгөчөлүктөргө көз каранды болбостон, тескерисинче бардык маданияттын өкүлдөрүнүн өз ара түшүнүүсүндө чоң кызмат аткарат [Изард 1999: 113]. Демек, эмоциялык жесттер универсалдуу мүнөзгө ээ жана, биздин пикирибизче, алардын көркөм тексттеги номинацияланышы да өзөк маселе экени талашсыз.

Лингвистикадагы эмоциянын бейвербалдык кыймылдар аркылуу чагылдырылышына арналган биринчи эмгек Ч.Дарвиндин «Выражение эмоций человеком и животными» аттуу эмгеги саналат [Дарвин 2001]. Дагы бир маанилүү эмгек - англис тилинен которулган А.Пиздин «Язык телодвижения: Как читать мысли других людей по их жестам» аттуу басылмасы [Пиз 1992].

Эмотиологиянын объектиси деп эмоцияны туюндурган тилдик каражаттар жана алардын когнитивдик-дискурсивдик категориялары саналат.

Эмоциянын тилдик мааниси кепте сүйлөөчү тарабынан аӊ-сезимдүү түрдө сөздөр аркылуу туюндурулат. Мындай учурда эмоция тилде төрт лексика-грамматикалык топтор аркылуу берилет: зат атооч, этиш, сын атооч жана тактооч сөздөр.

В.И.Шаховскийдин эмгектеринде тил системасында эмоция сөздүн семантикалык (салыштырма) компоненти катары каралат. Анткени анда сөздүн маңызы – эмотивдик семасы (белгиси) бар. Тексттеги эмоцияны талдоодо төмөнкүдөй компоненттерди бөлүп көрсөтүүгө болот:

- тилдик компоненттер: эмотивдик лексика жана фразеология, эмотивдик конструкциялардын тобу, эмоциялык кинемалар жана проксемаларды туюндурган лексикалык каражаттар.

- тилдик эмес компоненттер: эмоциялык жагдай-шарт, коммуниканттардын эмоциялык позициясы [Шаховский 1987: 24].

В.М.Сеченов эмоциялык сезимдердин бет түзүлүшүндөгү мимикалык кыймылдар аркылуу көрүнүшүн мындай дейт: «Бет - адамдын денесинин сыры, эң бир козголгуч мүчөсү. Анда ар бир ой-сезимдин сыпатына карай физиономия өзгөруп отурат. Ырас, булчуң эттерден дал ушундай кыймыл кол буттан да байкалат, бирок жан дүйнөнүн кызматын аткаруу артыкчылыгы жалгыз бет мимикасынын энчисине тиешелүү» [Сеченов 1952: 46].

Сезимдик туюмдардын бардыгын вербалдык каражат менен берүү мүмкүн эмес, окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, вербалдуулуктан мурда сезим менен кептин аралыгындагы пикирди ымдоо, жаңсоо, көз караштар менен ойду берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Сезүү жана аң-туюмда таанып-билүү сөз каржаттарынан алда канча мурун, пикирди билдирүүнүн ар кандай жолдору өнүккөн [Рыскулова 2008: 20].

Көркөм сөздүн эң баалуу түрү – чылк ыр менен түзүлгөн бул эбегейсиз зор эпопеядан боёктун даана түстөрү менен чебер тартылып, бири-биринен кескин айырмаланып турган ондогон каармандардын портреттерин көрөбүз. Анда сүрөттөлгөн, кылымдар бою турмуштук тажрыйбада такталган курч сөздөрдү, нечен түркүн укмуштуу мифтерди, адамдын кылдат сезимдерин баяндаган армандарды, керээздерди, кошокторду учуратабыз. Ушулардын баары эпостогу каармандарды мүнөздөөгө, алардын сүрөттөрүн дааналап тартууга чебердик менен пайдаланылган [Юнусалиев 1985: 421].

Манастын элеси эпосто абдан күчтүү салыштыруулар менен көрсөтүлөт. Керек боло калган учурда, мисалы, ачууланганда, кубанганда, жоого беттешкенде пайдалана турган дайым мүнөздөмөлөр бар. Көбүнчө мындай мүнөздөмөлөр салыштыруулар аркылуу берилет. Жоого бет алганда Манас алтымыш кулач ажыдаардай, тырмактарын арбайтып келаткан Алп Кара Куштай, кара чаар кабыландай, адамдын жүрөгү түшкөндөй болуп көрүнөт. Ачуусу келгенде, Манастын кабагынан кар жаайт, жаркырап тийген күн күүгүмдөй түшөт. Көңүлү ачылганда каткырыгы тоо жарат (мисалы Тазбайматтын аңкоолугуна күлгөнү). Баатырдын токтоолугу, кенебестиги да ашкан гиперболизм менен сүрөттөлгөн. Жоо келердин алдында өзүнүн алп күчүнө ишенип уктап калган Манасты Чубак найза менен качырып келип сайып жатып, араң ойготот. Мына ошондой апыртмалык түрдө тартылган айрым штрихтерден эпостун негизги каарманы Манастын статикалык портрети жасалган. Муну баатырдык эпоско толук жарашыктуу ашкан кооз көркөм чыгарманын стили деп түшүнүш керек [Юнусалиев 1985: 421].

Эмоция - физиологиялык, коомдук жана психологиялык гана процесс эмес, ал адам жашоосундагы руханий, мааниси зор, табигый кубулуш болуп саналат. Натыйжада айлана-чөйрөдөгү жагымдуу, жагымсыз көрүнүштөрдүн, иш-аракеттердин таасири аң-сезимге чагылышы жана акыл-эсте маалымат катары катталышы, эмоциялык лексиканын жаралышына негиз болот. Эмоциялык лексиканын боёкчолуу көркөмдүү таасири контекстке жараша тилдик деңгээлдердин коммуникативдик кызматында көрүнөт [Ажыбаева 2007: 12].

Сезимди, негизинен, экиге бөлүп, эки башка (оӊ жана терс) баалаганыбыз менен, анын түрлөрү өтө көп, атүгүл конкреттүү санап чыгуу да кыйын. Алсак, кубануу, сүйүнүү, коркуу, ачуулануу, таӊдануу, чочуу, санааркоо, тынчсыздануу, жоктоо, кыжырдануу, кемсинтүү, кордоо, жек көрүү, аёо, боор ооруу ж.б. Мындай сезимдердин жогорку чегине кабылган адам физикалык жактан да, психикалык жактан да өзгөрүүгө туш болот: аптыга же сыздап сүйлөйт, кеби үзүл-кесил, үзүндү-үзүндү болуп чыгат, бир сөз улам-улам кайталанат [Ормонбекова 2010: 270].

Изилдөөнүн негизинде жана топтолгон факт-материал, мисалдардан байкагандай «Манас» эпосунда: айласы кетүү, ачуулануу, байкуш болуу, жакшы көрүү, жаман көрүү, жек көрүү, кайгыруу, капа болуу, карбаластоо, кейүү, коркпоо, коркуу, коркутуу, кубануу, күйүгүү, кызыгуу, кыйынсынуу, муӊаюу, мыскылдщщ, наалуу, нааразы болуу, өкүнүү, сагынуу, сарсанаа болуу, суктануу, сүрдөө, сыйлоо, таарынуу, таӊ калуу, тоготпоо, тынчсыздануу, унчукпоо, уялуу, чочуп кетүү, ыраазы болуу, ыӊгайсыз абалда калуу, ыӊгырануу, эӊсөө ж.б. эмоциялар түрдүү бейвербалдык каражаттардын негизинде туюнтулуп, аларды тилдик каражаттар аркылуу мыкты сүрөттөлгөн. Мындай эмоциялык абалдардын беш гана тибине (таӊ калуу, кубануу, ачуулануу, коркуу, кайгыруу) токтодук жана кийинки бөлүмдөрдө талдоого алынат.


3.1.1. «Манас» эпосунда таң калуу эмоциясынын берилиши

Адам баласы өзүнүн өмүр жашоосунда ар кандай жагдай-шартка кабылып, күтүлбөгөн жерден коркунучтуу абалга кириптер болуп, кандайдыр бир кызыктуу окуяга тушугуп же түшүнүксүз бир нерсеге таңыркоо сыяктуу эмоцияны баштан кечириши мүмкүн. Мындай шартта кокусунан болуп өткөн окуялар адамдын жүрүм-туруму менен кыймыл-аракетине өзгөчө таасир этери бышык. Алсак, шашканда, корккондо, түшүнүксүз шарттарда мындай абалдарды байкоого болот: Адамдар турду жабылып, Аты-тонун бергенге Арстан эрди таң кылып, Акыры ɵзү кантет-деп, Арстан эр үчүн сабылып [СО: 1080]. Адам таң калган эмоциялык абалында каректери бир аз чоңоюп, тегерек тартып, кашы өйдө кɵтɵрүлүп, бир замат нес абалда бир жерди тиктеген бойдон катып калат [Дмитриева 2003: 240]. Дал болуп калышына жана дене мүчɵлɵрүнүн кыймыл-аракетине карай тилибизде мындай кɵрүнүштү сүрɵттɵгɵн синоним сɵздɵр дээрлик арбын. Бул типтеги синоним сɵздɵр таң калуу учурундагы бейвербалдык каражаттардын коштолушунун негизинде пайда болору анык.

Ф.Блум, А.Лейзерсон, Л.Хофстедтер мээ, аң сезим жана жүрүм-турумга байланыштуу изилдɵɵсүндɵ эмоциялык абалдын мимикалык кодун ооз, эрин, кɵз, каш, бешене, жаак сыяктуу дене мүчө кыймылдарына карай бɵлүштүрɵт. Анда адамдын жүзү алты башкача өзгөрүп турарын белгилеп, кубануу, коркуу, кайгыруу, кыжырлануу, жек кɵрүү, таң калуу эмоциялык абалына токтолуп, ошол эмоцияга кабылган адамдын мимикалык кыймылын талдап чыгышкан. Булардын ичинен таң калууга токтолсок, таң калган адамдын оозу бир аз ачылып, уурттары бир аз кɵтɵрүңкү абалда болуп, кɵздөрү тегерек тартып, кɵз нуру байкалбай, каш ɵйдɵ кɵтɵрүлүп, каштын ички бурчтары жогору карап, бешенеде көлдөлөң сызыктар пайда болуп, бет кыймылсыз абалда калат. Аллан жана Барбара Пиздин дене кыймылын изилдеген эмгегинде адамдын башы, колу, ийини, ал тургай кашы, кɵзү, оозу, мурду, кабагы канчалык ылдый тартып, бошошуп, шалдайып турган адамдын ɵзүнɵ-ɵзү баа берүүсү ɵтɵ начар жана маанайынын да тɵмɵн экендигинен кабар берсе, тескерисинче, канчалык дене бɵлүктɵрүнүн кыймыл-аракети, жогоруга карап созулуп, ымдалып, жаңсалып, кыймылдап турган сайын, ошончолук ошол адамдын ɵзүнɵ ишеними чоң экендигинен, ɵзүнɵ баа берүүсү жогору экендигинен жана маанайы ачык экендигинен кабар берет деп белгилейт.

Мына ушундай адамдын колу-бутунун, башынын, денесинин кинемалык жана беттин мимкалык ымдоо-жаңсоолорундагы таң калуу абалындагы тилибиздеги лексемаларын маанилерин талдап кɵрүүдɵн мурун орус окумуштуусу Н.В.Дорофееванын «Удивление как эмоциональный концепт» деген изилдɵɵсүнɵ кɵңүл бурсак, изилдөөчү бирдиктеринин катышына карай бейвербалдык каражаттарды төмөнкү топторго бөлүштүрөт:

1. мимикалык (адам жүзү) каражаттар,

2. кранеалдык (баш) каражаттар,

3. мануалдык (кол) каражаттар,

4. корпоралдык (дене) каражаттар,

5. фонациялык (үн угумдары) каражаттар [Дорофеева 2002: 18].

Бул бөлүштүрүү көптөгөн классификациялардын ичинен биздин көз карашыбызга жана топтолгон факты, материалдарыбызга дал келди. Таң калуу абалын да ушуга байланыштуу топтоштурулду. Эпосто аталган эмоциялык абал төмөнкүдөй бейвербалдык каражаттардын коштоосунда ар кандай тилдик каражаттар менен туюндурулат.



Мимикалык (адамдын жүзү) каражаттар:

Оозун ачуу - таң калуу, эмне экенин биле албай аңырайып тура берүү [КТС2: 316]. «Көрөрүбүз ушул!»-деп, Оозун ачып эр Бакай Олтурган бойдон калганы [СО: 232]. Ошондой эле кыргыз тилинде таң калуу эмоциялык абалы бир эле оозун ачуу татаал этиши аркылуу эмес, анын татаалданган оозун араандай ачып калды, оозун аңкайып ачып калды өңдүү айкаштары аркылуу да туюнтулат.

Апкааруу – корккондо, шашылганда же сүрдөгөндө эмне кыларды, эмне дээрди билбей аптыгуу, сөз келбей, сөз таппай сүйлөй албай калуу [КТС1: 126]: Салам айтып бийлерге, Салды башын Алмамбет. Айбатына баатырдын Апкаарыша калышып [СО: 1024]. Биринчи мисалда апкааруу сөзү сөз таппай калуу деген түшүнүктү берсе, экинчи мисалда коркуу маанисин билдирди, грамматикалык түзүлүшү жагынан атоочтук, чакчыл формасында келип, кыймыл-аракетке кошумча маани берип турат.

Делдейүү – калдайган кɵрүнүштɵ серейип чыгып туруу, далдайып туруу кыймылы коштоо менен эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу, таң болуу маанисин берет [КТС2: 411]. Мунар каны баш болуп, Булардан сексен барганы, Сексенин кɵрүп таңыркап, Делдейишип калганы [СО: 206]. Мында элестүү этиштер катышып, кыймыл-аракетти элестүү, образдуу кылып көрсөттү.

Делдейүү лексемасы таң калган абалдан сырткары корккондо да айтылып, дал ушул кинемалык кыймыл-мимиканын тилдеги көрүнүшү болуп табылат. Мисалы: Ашталы балбан баш болуп, Кырылып түштү сегиз жан. Сегизи ɵлүп селдейди, Баатырлар коркуп делдейди [СО: 219]. Мында коркконунан далдайып, селдейип, соксоюп туруп калган дененин, жүздүн кыймылы берилди. Бир эле кыймыл-аракеттин, ымдоо-жаңсоонун бир нече эмоциялык абалда аткарылышын омонимдик кинемалар десек болот, анткени дене кыймылы окшош болгону менен, берген маанилик системасы ар башка болот.

Далдаюу – Калдайып жазы кɵрүнүү, эби-сыны жок чоң болуп, делдейүү, далдырап туруп калуу, же кɵрүнүү [КТС2: 395]: Эстен танып далдайып, Айнакул калды шалдайып [СО: 53]. Капырдын баары далдайып, Карап турду шалдайып [СО: 200]. Алат экен бурут деп, Адамдын кɵбү далдайды [СК: 367]. Мында бир эле беттин эле кыймылы катышпастан, корпоралдык каражаттар - дененин кыймылы, абалы катышып, таң калуу сезими билдирилди.

Селдейүү – апкаарып, калтаарып же эси оой түшкөндө, таң калганда, өзүн жоготуп койгондо жана башка кыймылсыз деледейип туруп калуу [КТС2: 844]. Мисалы: Манас сындуу баатырдан, Ашталы балбан баш болуп, Кырылып түштү сегиз жан. Сегизи өлүп селдейди [СК: 587]. Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, бейвербалдык каражаттардын дагы бир тилдик кызматы ассоциативдик функцияга ээ болушу. Башкача айтканда, эпостогу каармандардын ошол жагдайга, окуяга болгон мамилесин туюндуруп турат. Ал эми бул ал-абалдар грамматикалык жактан элестүү сөздөр менен берилген.

Элейүү - таңыркап, селейип, коркуп, таң калып кароо, туруп калуу [КТС2: 844]. Жети дөөнү сайганда, Алмамбеттей баатырдын Эси кетип элейип [СК:879]. Бул бейвербалдык каражатты бир эле адамдын жүзү эле эмес, дене селейип катып, колу-бут бошошуп, шалдайып калат.

Шалдаюу – таң калганда, эсине келе албай шашып же апкаарый түшкɵндɵ ж.б. учурларда эмне кылаарын билбей туруп калуу, делдейе түшүү [КТС2: 777]. Эстен танып далдайып, Айнакул калды шалдайып [СК: 53]. Капырдын баары далайып, Карап турду шалдайып [СО: 200]. Мында мимикалык каражаттар кɵздүн, каш-кабактын, ооз-мурундун, беттин шалпайыңкы, бош, ылдый түшкөн абалын кɵрɵбүз.

Элдирɵɵ – делдире деген менен бирдей, эмне кыларын билбей далдыроо, дел болуу [КТС2: 411]: Оюн ойноп чуулашып, Этектери элбиреп, Далдадагы бай Жакып Карап жатыр элдиреп [СО: 1102].

Алдыроо – эмне кылаарын билбей шашып калган абал, ɵзүн жоготуп койгон абал [КТС1: 99]: Алдырай түштү калмактар, не кыларын биле албай [СК:450].

Жалдыроо – эси оогондой шалдайып максатсыз карап отура берүү, кыймылсыз бир нерсени тиктеп калуу [КТС1: 481]: Баатыр Манас канкордун Баркɵйүнɵ барганы. Арстанды кɵрүп алдырап, Акылдан танып жалдырап [СО: 203].

Жардануу таңыркагандай казганактап карап калуу, жапырт тигиле карап калуу, жапырт тизилип туруп калуу маанисинде колдонулат [КТС1: 518]: Каныкейди көргөндө Калк жарданып, таң калып Калктар карап турду эле. [СО]. Адамдар кɵбү таңданды, Кɵрмɵк үчүн кɵп адам, Кɵпчүлүк болуп жарданды [СО: 1120].

Аңкаюу - оозду ачып карап калуу, делдейип таң калуу. «Кошойуңар кайсы?»- деп Шаа Кырмуз кан сурады. Айран болуп алтоосу Аңкайып карап турганы [СО: 170]. Бул сөздүн аӊ уӊгусу семантикалык жактан адамдын сыртка келбетин, турган турпатын сүрөттөгөн мимеографикалык лексемаларга кирет. Бул уӊгу кара калпак, казак, тува, түркмөн өӊдүү көпчүлүк түрк тилдеринде да ушул маанисинде колонулат [Севортян 1974: 19]. Аспанда жаткан калың кол Бул эмине жумуш?-деп, Аңкайып карап турушту [СО: 268].

«Манас» эпосун карап отуруп таң калуу эмоциясын туюнткан: Делдей, селдей, элей, далдай, элдире, алдыра, жалдыра сыяктуу элестүү этиш сɵздɵрүнүн берилиши менен бир гана ыр саптарында уйкаштыкты сактоо гана эмес, ар бир сɵздүн ɵзүнүн лексико-грамматикалык жактан бир толук маанини туюнтуп, сүйлɵм мүчɵсүнүн милдетин аткарып, эмоциялык-экспрессивдүү боек берип турушат. Андан башка:



Аң-таң калуу – бул жерде, аң деген сɵзү туюп-биле турган сезим, ички туйгу [КТС: 120] сɵзүнɵ, таң деген сɵздүн кош сɵз катары келиши менен татаал этиштердин формасынан жасалган адамдын мимикалык ɵзгɵрүүсүн туюнткан аң-таң калуу сɵзү аркылуу таң калгандык, айран-таң калып, эмне экенин түшүнбɵɵчүлүктү билдирилет [КТС1:123]. Казыналык сарайдан Аң-таң калды далай жан, Кɵрүп турду кɵп балбан, Кɵргɵн адам таң калган [СК: 500]. Ошончолук калайык жеңекеңдей долуга, Аң-таң калып калды эми [СК:587].

Айран калуу– таң калгандык, аң-таң болгон абал [КТС1: 61]. Ар неме кирди түшүмө Айран болуп турамын [СО: 22]. Баатыр менен балбанды кɵрүп айран калганы. [СО: 204]. Ойлонуп кɵзүм салгамын, Бирде бɵрү, бирде адам, Кɵрүп айран калгамын! [СО:102]. Ошондой эле айран сөзү азыр, таң сөздөрү менен да айкашып ушул эле маанини туюндурат: Көзүн Манас салганы Айран-азыр калганы Балдар сөзүн салганы Айран-азыр калганы. Аккелте менен бир койду, Аң-таң калып көп кытай Качуудай дүркүрөп, Кийин тартып дыр койду [СО: 794]. Дагы карай турган болсок, акылы айран болуу – деген лесемасы аркылуу эмне кылаарын биле албай, эмне экенин түшүнɵ албай, башы маң болгон абалда калуу, акылы эки болуп, оюн токтото албагандай таң калган абалга жетүү [КТС1: 85] : Акыл айран ич күйүп, Жолойдун кɵɵнү бɵлүнɵт [СО: 146].

Айран-азыр болуу – аң-таң, айран-таң [КТС1: 60] деген маанини туюнтат: Алтайлыктын аскери, Кытайдын кɵрүп кыргынын, Айран-азыр болушуп [СО: 185]. Адам эмес, дɵɵ го-деп, Айран-азыр калышты [СК: 690].

Оозун ачуу - таң калуу, эмне экенин биле албай аңырайып тура берүү [КТС2: 316]. «Көрөрүбүз ушул!»-деп, Оозун ачып эр Бакай Олтурган бойдон калганы [СО: 232]. Ошондой эле кыргыз тилинин лексиомасында таң калуу эмоциялык абалын бир эле оозун ачуу татаал этиши аркылуу эле туюнтпастан: оозун араандай ачып калды, оозун аңкайып ачып калды ж.б.у.с. айтылып, сыпаттоо аркылуу колдонулат.

Дал болуу – дендароо болуу, эмне кыларын билбей жалдырап калуу, өзүн жоготуп коюу [КТС1: 393]. Жети күнү урушуп, Жетимиш жерден жара жеп, Чубак чыкты кан болуп, Бүткөн бою былк этпей, Сал сыяктуу дал болуп [СО: 716]. Бүткɵн боюм дал болгон, Кызмат берчү эки кол, Былкылдабай шал болгон [СК].

Нес кылуу – эстен тануу, делдиреп калуу [КТС2: 60]: Жоботту Кɵкчɵ бир сɵзүң! Элимден элким бир ɵзүм, Нес кылды, Кɵкчɵ, бир сɵзүң [СО: 1027].

Бою дүркүрɵɵ: Кɵргɵндүн бою дүркүрɵп, Ооздон суусу чачылып, Акырайып жалгыз кɵз, Табактай болуп ачылып [СО: 241]. Чындыгында, адамдын денеси корккон кезде калтырайт, бирок мындай эмоциялык абалга түшкɵн кезде синонимдик кинемалар аткарылат. Башкача айтканда, ар түрдүү лексемалар менен айтылып, бейвербалдык каражаттар коштойт. Аларга кɵңүл бурсак: Просодикалык-интонацялык кубулуштардын ичине камтып турган, үндүн бийиктиги, тембр, тыным, басым, интенсивдүү айтуулар түрдүү эмоцияларды (кубануу, ɵкүнүү, ачуулануу, таң калуу ж.б.) билдирүүчү интонациялар жана экстралингвистикалык- үшкүрүү, күлүү, ыйлоо, жɵтɵлүү, шыпшынуу сыяктуу ар түрдүү үн угумдары коштойт. Кинесика-дененин кыймыл-аракети, ымдоо-жаңсоолор, тулку-бойдун ар түрдүү ал-абалынын сүйлɵɵ кебиндеги мааниси. Башкача айтканда, баштын, колдун, буттун, тулку-бойдун кыймыл-аракети жана мурундун, бети-баштын, каштын, кабактын жамдоолору (мимикалары), такесика-учурашуу, ɵбүшүү, сылоо, далыга таптоо жана ушул сыяктуу кыймылдар коммуникацияда баар алышып жаткан адамдын денесине колун тийгизүү иш аракети менен аткарылышы, сенсорика-маалыматты сезүү органдары аркылуу жытты, түстү, үндү жана башка нерселердин кабыл алуусу. Проксемика-сүйлɵшүү мезгилинде пикир алышып жаткан адамдардын ортосундагы алыс же жакын турган аралыктар. Адамдардын сүйлɵɵ учурундагы аралыктары: интимдүү, жеке, социалдык, коомдукболуп 3 топко бɵлүнɵт. Хронемика-коммуникация процессинде убакытты колдоно билүүчүлүк . Окулистика-кɵз караш, кɵздүн кɵрсɵтүү кыймылы сүйлɵɵ кеби менен коштолушу сыяктуу түрдүүчɵ кыймыл-аракеттер. Мына ушулардын баары биригип келип олтуруп бир эле эмоциялык каражатты туюндуруп калышы да мүмкүн. Мына ушул жагдайды биз бейвербалдык синонимдер деп алсак болот. Коркуу сезими менен таң калуу сезими параллелдүү түрдɵ аткарылганда, денесинин калтыроосу жана кɵзүнүн табакатай болуп ачылышы, дал болуусу ушул кыймыл-аракеттин баары адамдын бир канча эмоциялык абалга түшкɵнүнɵн кабар берип турат.

Yшү кетүү - адам таң калуу сезими болгондо, үрɵйү учкандай абалда дал болуп туруп калуусу: Кошой кебин урганы, Кɵргɵндɵр кɵзү жетишип, Үшү кетип турганы [СО: 156].

Ал эми таң калуу менен бирдикте башка да бир кыймыл-аракет кошо берилет. Алсак, таң калып кароо, таң калып туруп калуу, жардануу ж.б.



Жакасын кармануутаң калуу, айран-таң болгондук [КТС1: 519].

Жогоруда мисалдарда көрүнүп тургандай, кыргыз тилинде адамдын таң калганда, корккондогу абалы таң калуу, оозун ачуу, апкааруу, аңкайуу, делдейүү, элейүү, селдейүү, айран-азыр калуу, аң-таң калуу, дал болуу, жарданып кароо, жакасын кармануу сыяктуу лексемалар менен туюндурулат. Булардын ичинен айран-азыр калуу, деген лексема фразеологизм сөз болуп саналат. Ал эми калгандары ар кандай эмоциялык жагдайларда пайда болгон таң калуунун түрлөрүн сүрөттөйт.



Кыңк этпɵɵ - таң калуудан улам айтаарга сөз келбей, сүйлөй албай, үн чыгара албай калуу. Акылынан адашып, Аш кайнамдай токтолду, Ага чейин кыңк этип Айтууга киши жок болду. Аш кайнамга жеткенде, Алардын шайы кеткенде, Байжигит кепти баштады: Бай Жакып түшү түш экен, бир оңунан чыккан иш экен [СК: 122].

Баш чайкоо – укмуштуудай бир нерсеге абдан кызыгуу менен таңданып, турган абалы [КТС: 235]: Кочкул кечил баланын алаканын кɵрүп, башын ийкейт да, тулку боюн кɵрүп башын чайкайт [СО: 50].

Кɵзү умачтай ачылуу- Адам таң калганда, чочуганда корккондо ушул кɵздүн кыймылы менен аӊ-сезимсиз түрдө берилип, күтүлбөгөн таӊ калычтуу көрүнүшкө карата дене- мүчөнүн жообу катары аткарылат. Бул укмушту көргөндө, Умачтай кɵзү ачылды [СК: 866].

Кɵз салуу – кɵзүн кырын салуу деген синонимдик сɵз айкашы менен да колдонулуп, бир нерсени байкоо максатында кɵз жүгүртүү, астыртан карап баа берүү [КТС2: 38], адам кызыккан кезде, бир нерсе таң калдыруу туудурганда сɵзсүз түрдɵ кɵз кырын салаары бышык: Кɵзүн Манас салыптыр, Кɵрүп айран калыптыр [СО: 106].

Кулап кете жаздоо – Аң-таң калып Алакɵɵ, Минген алтын тагынан Кулап кете таштады [СО: 412]. Жогоруда саналган таң калуунун түрлөрүнүн ар биринде адамдын сырткы келбети тиешелүү деңгээлде өзгөрөт. Мындан сырткары үн угумдарынын ɵзгɵрүшү б.а. фонациялык элементтердин берилиши аркылуу да, таң калуу сезими берилет. Таң калуу сезимин интонациялык компоненттер: үн ыргагы, синтагматикалык (фразылык) басым, пауза, үндүн узундугу, темп жана тембрдин коштолуулары аркылуу берилет. Жазууда ал фонациялык ɵзгɵчɵлүктɵр илептүү, суроолуу айтымдар менен белгиленет:

Кызыталак бу наадан

Эмне деген бул адам?!

Ок мылтыкты билбеген

Осол жандын бири го [СО: 235].

Бул жерде «Эмне деген бул адам»-деген таң калуу маанисиндеги сүйлɵмгɵ суроо иретинде катуу айтылып жатканын кɵрүп, туюп турабыз. Демек, интонация кеп агымында субъектин ички сезимин билдирүү аркылуу сүйлɵɵ кеби менен параллелдүү түрдɵ аткарылып, бейвербалдык фонациялык каражаттар эң негизги тилдик каражаттар. Оозеки кептин логикалык мамилесин, же сүйлɵɵчүнүн эмоциялык жактарын кылдат билдирет.

Кээ бир учурларда адамдын таң калуу сезими жазууда тыныш белгилер аркылуу сыпатталат. Мисалы, таң калууну суроо белгиси аркылуу туюндурса болот: Кармашпай Манас коюппу? Карадан кɵзү тоюппу? [СО: 369]. Бул жерде каармандын сырткы кебетиси, кɵрүнүшү аркылуу билдирбестен, үндүн ɵзгɵрүлүшү аркылуу берилип жатат. Ушул саптарды манасчы айтып жатканда, каармандын таң калганын ɵзүнүн үн ыргагын суроолуу интонациясы менен билдирет.

Таң калуу эмоциялык абалына түшкɵн адам сɵзсүз түрдɵ бейвербалдык каражатары аркылуу, дене түзүлүшүнүн кыймылы менен гана билдирбестен, сырдык сɵздɵр аркылуу да билдирет. Сырдык сɵздɵр адамдын кебине эмоциялуу түс берип, сүйлɵɵчүнүн чындыкка болгон мамилесин билдирет [Давлетов, КАТГ 1980: 462]. Таң калганда, күтүүсүз нерсе болгондо: Ай-и-ий! Ой тобо! О-оо! У-уу! ж.б. ички сезимди билдирген фонациялык каражаттар коштоп кетишет. Негизинен, «Манас» эпосунун ыр түрүндɵгү вариантында сырдык сɵздɵр эмнегедир жокко эсе болгон менен, кара сɵз түрүндɵгү вариантында ɵтɵ кɵп кездешет. Алсак:

-Ата, ал кандай неме, - деди Манас таң кала карап атасын, - баласы жок, малы кɵп да бай болобу? Мен да малдуу болгум бар, макул, барып малын багып берейин. Жакып ичтен кым деди. Баланы алып, койчуларынын башчысы Ошпурга берди.

Ал эми таң калуу менен бирдикте башка да бир кыймыл-аракет кошо берилет. Алсак, таң калып кароо, таң калып туруп калуу, жардануу ж.б. Жардануу таӊыркагандай казганактап карап калуу, жапырт тигиле карап калуу, жапырт тизилип туруп калуу маанисинде колдонулат: Каныкейди көргөндө Калк жарданып, таң калып Калктар карап турду эле [СО: 415].

Жогоруда мисалдарда көрүнүп тургандай, кыргыз тилинде адамдын таң калганда, корккондогу абалы таң калуу, оозун ачуу, апкааруу, аңкайуу, делдейүү, элейүү, селдейүү, айран-азыр калуу, аң-таң калуу, дал болуу, жарданып кароо, жакасын кармануу сыяктуу лексемалар менен туюндурулат. Булардын ичинен айран-азыр калуу деген лексема фразеологизм болуп саналат. Ал эми калгандары ар кандай эмоциялык жагдайларда пайда болгон таң калуунун түрлөрүн сүрөттөйт.

Таң калуу абалын туюндуруучу кыймыл-аракеттер бара-бара ɵтмɵ мааниге ɵтүп, соматикалык фразеологизмдерди пайда кылып, ал аркылуу эмоциялык абалдарды түшүндүрүү менен, таң калууну туюнта баштайт. Бул пикирди А.В.Филиппов жана В.Д.Кутловскаянын көз караштары толуктайт: «Эгерде жесттер эскирсе, анда түпкү мааниси да ɵзгɵрүлɵт, башка бир табияттагы түшүнүккɵ ɵтүп, фразеологизмдердин пайда болушуна алып келет» [Филиппов, Кутловская 1975: 79].

Эпосто таң калуу процессин туюндурган соматикалык фразеологизмдер да учурайт.

Дал болуу – дендароо болуу, эмне кыларын билбей жалдырап калуу, өзүн жоготуп коюу [КТС: 393]: Жети күнү урушуп, Жетимиш жерден жара жеп, Чубак чыкты хан болуп, Бүткөн бою былк этпей, Сал сыяктуу дал болуп [СК: 716].

Эси кетүү - эмне кылаарын билбей, дал болуу: Эси кетип Чыйырды, Жыгылып кетти сороюп [СК:34].

Тагыраак айтканда, жогоруда саналган таң калуунун түрлөрүнүн ар биринде адамдын сырткы келбети тиешелүү деңгээлде өзгөрөт. Ошону менен бирге адамдын абалы мындай учурда кошумча лексикалык каражаттар аркылуу сүрөттөлөт. Ал кошумча каражаттарга элейүү, селейүү, дал болуу сыяктуу этиш сөздөр кирет. Иште «Манас» эпосунан алынган таӊ калууга байланыштуу 158 лексикалык бирдик табылды.

Жыйынтыктап айтканда, «Манас» эпосундагы таң калуу эмоциясын билдирген бейвербалдык каражаттардын номинациясын туюндурган лексемалар концептуалдык мааниге ээ болуп, ɵзүнчɵ иликтɵɵнү талап кылаары бышык. Анткени эпостогу бейвербалдык эмоциялык каражаттарды изилдɵɵ аркылуу элибиздин этномаданияттык, этнолингвистикалык, психолингвистикалык жактан таанып билүүгɵ болот.


Каталог: media -> uploads -> Diss
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Балалардың құқықтарын қорғау 2013 «Маңғыстау облысының балалар құқықтарын қорғау басқармасы»
uploads -> Форт-Шевченко қаласын дамытудың 2013- 2015 жылдарға арналған кешенді жоспары
uploads -> Маңғыстау облысы Төтенше жағдайлар департаментінің және бағынышты мекемелердің қызметі бойынша тиімділік талдауы
uploads -> 23. орталық азиядағы тұРАҚты даму "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры
uploads -> Конференция жұмысына 179 елден, оның ішінде Қазақстаннан және әр түрлі қоғамдық ұйымдардан өкілдер қатысты. Онда басты негізгі 5 құжат қабылданды, соның бастыларының бірі «ххі ғасырдың Күн тәртібі» деп аталады
uploads -> Халықты әлеуметтік қорғау және жұмыспен қамту жүйесі басшыларының, мамандарының және басқа да қызметшілері лауазымдарының үлгілік біліктілік сипаттамаларын бекіту туралы
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
Diss -> Кыргыз республикасынын


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12




©www.engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет