Аялзаты Ата Журтка асыл тирек



Дата09.11.2023
өлшемі19,14 Kb.
#190578
Байланысты:
Аялзат класстык саат


Аялзаты - Ата Журтка асыл тирек
Жашоонун, Бүткүл ааламдын керемет сулуулугун, бейпилдигин эне жүрөгү сактап турат эмеспи. Эне мээримин эч нерсе менен салыштырууга болбойт, эненин улуу сезимин сезе билсек, ал ар дайым бийиктикке умтулуп, тунуктукка чакырып, акжолго жетелеп турат. Эненин акыл насаатын эсиңе тутсаң жашоонун туңгуюк жолун жарык кылып көрсөтүп турат. Аялзаты башка кыйынчылык түшкөндө өтө чыдамкайлыгы, күжүрмөн эмгеги менен кыйынчылыктарды жеңип, тоодой арка болуп келишкен. Аял - мыкты сезимдердин энеси, адамды жашаткан күндүн нуру менен эненин сүтү - өмүрдүн өзөгүн түзөт десек жаңылышпайбыз. Элинин бакубат турмушу, гүлдөп өнүгүшү үчүн өз өмүрлөрүн арнап, учурдагы бардык кыйынчылыктарга карабастан кабагым-кашым дебей эмгектенип, кыргыз элинин көөнөргүс тарыхында өзүнүн тунук акылы, зиректиги, эр жүрөктүүлүгү менен Мекен тагдырына кайдыгер карабастан, мезгилдин маанилүү маселелерине тике карап жалтанбаган, турмушта татыктуу орунду ээлешкен, таланты менен тамшандырган даңазалуу айымдар өткөн. Ошолордун жолун жолдоп, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнаган айымдардын мууну өсүп келе жатканын көрүп сыймыктанбай койбойбуз. Аял-эне, аял-жар, аял-жетекчи, аял-илимпоз, аял-ишкер, деги койчу кайсы тарапта болбосун аялзатынын колу тийбеген иш жок го. Дүйнөнүн бейпилдиги, бейиши - эненин таман астында - деген улуу сөздүн өзү гана көп нерсени айтып турат. Көөнөргүс карт тарыхта, коомубузда ар бир инсандын өз деңгээлине жараша орду болот дегендей, энелер жасаган иштери менен эл ишенимине арзыган, анын урмат-сыйына татыган, өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүшүнө өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан, калайык калктын сүймөнчүлүгүнө ээ болушкан инсандар.
Өздөрүнүн ишке болгон жоопкерчиликтерин, күжүрмөн эмгектерин көрсөтө алышкан апалар, эжелер, курбулар. Ар кимиси өз дооруна, өз заманына ар түрдүү иштер менен кызмат кылган. Кыргыз элинин бейпилдигине, улуу өлкөсү бар экенине сыймыктанып, элдин кыйынчылыктарына жан эти менен күйгөн, ак жоолук энелердин үнү баарынан калыс экендигин жар салып айтып бүтпөй келебиз жана айта бермекчибиз. (Кыргызстан яалдары китебинен. Замира Акбагышева)



  1. Адеби жок аял кабанаак итке окшош.

  2. Ажаан аялың болгуча, ажаан итиң болсун.

  3. Ажарлуу аял — адамдын периштеси.

  4. Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.

  5. Айылды карай аял күлүк, үйдү карай уй күлүк.

  6. Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.

  7. Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.

  8. Ат — мингенднкн, тон — кийгендики, аял —тийгендики, эр — элдики.

  9. Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.

  10. Атасына баласы аш ичкенди (аял алганды) үйрөтөт.

  11. Аттын жоргосу кызык,суусундун тунугу кызык,аялдын сулуусу кызык.

  12. Ашканада аял көп болсо, аш бышпайт.

  13. Аял — үйдүн куту.

  14. Аял — үйдүн туткасы.

  15. Аял болбосо ашкана жетимсирейт.

  16. Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы.

  17. Аял жакшы — эр жакшы.

  18. Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы —кайгысы зор.

  19. Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.

  20. Аял намыс үчүн кара киет.


Достарыңызбен бөлісу:




©www.engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет