Кыргыз тилинин тарыхы



бет1/3
Дата07.02.2022
өлшемі67 Kb.
#96734
  1   2   3
Байланысты:
КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо
КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо, КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо, КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо, КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо, КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо, КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо, КТТбоюнча 3 вар.тест. 60 суроо, Морф, Морф, Азыркы кыргыз тили Морфология(okuma.kg) Кыргыз тили жана адабияты54, Морф, манастаануу тест

Кыргыз тилинин тарыхы” боюнча тесттин суроолору 1-вариант
1.Кыргыз тилинин тарыхы качан башталат? а) 1917-жылдагы Октябрь револоюциясынан кийин башталат, б)Караханилер доорунан кийин башталат, в)Б.з.ч. 200-жылдардан мурда башталат. (4 балл).
2.Тилдин келип чыгышы, теги кандай термин менен аталат?а)субстрат, б)глоттогенез, в)суперстрат.(4 балл).
3.Алтай семьясы кандай тарамдарга бѳлүнѳт? а) түрк-монгол тарамы,тунгус-маньчжур тарамы, корей-жапон тарамы, б) түрк тарамы, монгол тарамы, тунгус тарамы,в) корей тарамы, жапон тарамы, маньчжур тарамы.(5 балл).
4.Алтай теориясын колдогон окумуштуулар кимдер? Колдогондорду белгилегиле.Рамстедт,Котвич,Поппе,Щербак,Клоусон,Баскаков, В.Шотт,Ф.Видеман,Вамбе ри,Банг ж.б.(6 балл).
5.Алтай тилдер тобуна мүнѳздүү болгон фонетикалык негизги белгилери кайсы?(Туура жоопторду белгилегиле): а) үндүүлѳрдүн тил күүсү боюнча үндөшүүсү, б)үндүүлѳрдүн эрин күүсү боюнча үндөшүүсү, в)уңгуда жана мүчөлөрдө геминаттардын жоктугу, г)сөз башындагы жумшак үнсүздөрдөн качуу тенденциясы (7 балл).
6.Алтай тилдер тобуна мүнѳздүү болгон морфологиялык жалпы белгилерди кѳрсѳткүлө:грамматикалык род болбогон,унгунун бир топ туруктуулугу,морфологиянын суффикстүү болуусу,префикс менен предлогдор болгон ж.б. (8 балл).
7.Кыргыз жѳнүндѳгү эң алгачкы маалымат кайсы жазма булактарда жолугат?а) “Шидзи” б) “Ханшу”, в)Орхон-Енисей жазма эстеликтеринде.(5 балл).
8.”Кыргыздын” келип чыгышы тууралуу уламыштар кайсылар?: “Кыргыздар Ли Линдин тукумдары”,”кыргыз кааны Фу Сиден таралган”,”Кытайлар менен славяндардын аралашуусунан чыккан”, Адигине жана Тагайдан тараган,“Кырк кыз”, “Анал-хак”, “Кырк гуз”,”кыр кез”, “кыр кийиз”, “кырылгыс” дегендерден келип чыккан (8 балл).
9.Тилдик фактылардын негизинде чечмелегендер кимдер?Д.Банзаров,Г. Жумакунова,С.Закиров,В.Радлов(3 балл).
10.Алтай тилдеринин жашаган доору жана алардын ажыроо мезгили тууралу пикирлерин кайсы окумуштуулар айтышкан? Рамстедт, Лигетти, Котвич, Суник, Старостин, Б.Базылхан,Сводеш.(5 балл).
11”.Байыркы түрк доор!у деп кайсыл аралык эсептелет? а) 5-6-кк., б) 3-5-кк., в)5-9-кк.(3 балл).
12.Кыргыз тилинин тарыхын доорлорго бѳлүштүргѳн окумуштууларды тапкыла:Махмуд Кашгари, К.Тыныстанов, К.К.Юдахин, И.А.Батманов, Б.М.Юнусалиев, Б.Орузбаева, Ж.К.Сыдыков,Э.Р.Тенишев, К.Токтоналиев.(5 балл).
13.Б.М.Юнусалиев кыргыз тилинин ѳнүгүш доорлорун канчага бѳлгѳн? 3. 4, 5. (3 балл).

14.Байыркы кыргыз тилинде кыска үндүүлѳрдүн саны канча болгон? 6, 8, 9.(3 балл).
15. /Н/,/Л/,/Р/ тыбыштары менен башталган сѳздѳр кайсы доорлорго мүнѳздүү эмес болгон?:а) байыркы доорго, б)орто доорго, в) жаңы доорго. (5 балл).
16.Азыркы созулма үндүүлѳр кандай жолдор менен пайда болду?:а) басым үндүүгө түшкѳндүктѳн ал созулмага айланды, б) эки үндүүнүн ортосундагы айрым үнсүз тыбыштардын түшүрүлүүсүнѳн улам пайда болду, в) эринчил үнсүз тыбыштардын таасиринен улам пайда болду. (7 балл).
17. –лар мүчѳсүнүн эриндешкен варианты кайсы доордон баштап кѳбѳйдү?: а)байыркы доордо, б)орто доордо, в)жаңы доордо.(5 балл).
18..Роддун элементтери азыркы кыргыз тилинде барбы? : а)жок, б)бар. Бар болсо кайсы сѳздѳрдѳ?(5 балл).
19.Кыргыз тилине араб сѳздѳрү кандай жолдор менен кирди?: а)оозеки түрүндѳ, б)китептер аркылуу, в) башка элдердин ѳкүлдѳрү аркылуу. (3 балл).
20.Азыркы кыргыз тилинин лексикалык курамындагы төл сөздөр менен башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдөгү басым кайсы муундарга түшөт?а)төл сөздөрдө биринчи муунга,акыркы муунга; б)кабыл алынган сөздөрдө биринчи муунга,ортонку муунга,аяккы муундарга түшөт?(6 балл).


2-вариант
1.Тил менен эл тарыхынын байланышы кандай аспектилерден каралышы мүмкүн? а)Эл тарыхынан тил тарыхына ѳтүү жагдайынан,б)Тил тарыхынан эл тарыхына ѳтүү аспектисинен, в)Эч кандай аспектиси жок эле каралат.(4 балл).


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3




©www.engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет