Артыкова Жамал Абдисаламовна «Манас» эпосундагы бейвербалдык каражаттардын туюнтулуш өңүттөрү Адистиги 10. 02. 01 кыргыз тили Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация



бет10/12
Дата27.05.2018
өлшемі3,02 Mb.
#40915
түріДиссертация
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   12

3.1.4. «Манас» эпосунда коркуу эмоциясын чагылдырган бейвербалдык каражаттар

Эмоция адам табияты, жүрүм-туруму менен тыгыз байланышта болгондуктан, ал философ, антрополог, психолог, лингвист, социолог, психиатр, маданият таануучулар, тарыхчыларды дайыма кызыктырып келет. Эмоциялар билим менен тыгыз байланышта, алар убакытка көз каранды. Ар бир доорго негизинен доминанттуу эмоциялар мүнөздүү. Эпостун текстинде туюнтулган мындай доминаттардын бири – коркуу эмоциясы.



Коркуу фундаменталдуу эмоциялардын катарына кирет (P.Ekman, W.Friesen, К. Izard, A.Wierzbicka, А.Н.Леонтьев, С.Рубинштейн ж.б.) жана өзгөчө мүнөздөргө ээ: универсалдуу, аны адам жүзүнөн байкоого болот, тилде вербалдашат.

Коркуу - адамдын доминанттуу эмоцияларынын бири. Алгачкы коомдогу адамдардын жаратылыш кубулуштарынан коркушу, анан согуштардан, баскынчылыктан, өзүнүн жашоосу үчүн, жакын адамдарын жоготуп алуудан, ооруп калуудан, белгисиз келечектен коркуу сыяктуу көрүнүштөр далилдүү мисал болуу менен бирге, бул эмоциянын доминантуулугун тастыктайт.

Экинчиден, эмоция - элдин маданиятынын маанилүү бөлүгү. Ошондой эле ал универсалдуу болгондугуна карабастан, ар бир элге тиешелүү айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр бар. Албетте, мындай өзгөчөлүк ар бир этностун курчап турган чындыкка болгон мамилесине жараша болот. Бул айтылган оюбузду тилдеги эмоцияны туюндурган сөздөрдү камтыган фразеологизмдер, метафоралык бирдиктер, паремиялык айтымдар далилдей алат.

Коркуу эмоциясы тилдик объект жана бейвербалдык түшүнүк катары көптөгөн изилдөөчүлөрдүн көңүлүн бурдуруп келет.

Алсак, орус тил илиминде коркуу эмоциясы салыштырмалуу бир топ изилденген: метатил аркылуу иликтенген [Вежбицкая 1996], коркуу сезимин туюндурган фразеологиялык бирдиктерге анализ жүргүзүлгөн [Феоктистова 1996, Семененко 2002], бул сезимдин фонация - просодика, мимика жана жест аркылуу чагылдырылышы [Морозов 2001, Крейдлин 2000], орус жана немис тилиндеги коркуу сезиминин концепттик чөйрөсү [Красавский 2001] илимий жактан талдоого алынган. Ал эми кыргыз тилинде бул маселе азырынча изилдөөгө алынбай келет.

Изилдөөнүн бул бөлүмүндө «Манас» эпосунда коркуу эмоциясын чагылдырган бейвербалдык каражаттарына тилдик талдоо жүргүзүлөт.

Коркуу - өзгөчө мааниге ээ эмоциялык көрүнүш. Ал адамдын жүрүм-турумуна, аң -сезимине терең таасир этет. Албетте, бул сезимди адам баласы кээ бир учурда гана башынан өткөрөт. Бирок ошентсе да адамдар бул эмоциядан алыс болууну каалашат. Коркуу сезими болгондо сөзсүз түрдө сырткы келбет, кандын жүрүшү, үн өзгөрүп ар кандай кыймылдар пайда болот.

Салттуу лингвистикада эмоциялык жана рационалдык көрүнүш - тилдеги бири-бирине карама-каршы келген кубулуш. Тил жана ой салыштырмалуу синхрондуу, ал эми эмоция сөздүн негизги маанисине коннотативдик маанидеги мүнөздү кошумчалап турат.

Лингвистикалык талдоолордун негизинде мындай жыйынтык чыгарууга болот. Тилдик деңгээлде коркуу эки типтеги симптомдук туюнтуу аркылуу вербалдашат. Аны төмөндөгүчө көрсөтүүгө болот.

1 – Адамдын коркууда болгон сырткы жана ички өзгөрүүсүн чагылдырган сөздөр жана сөз айкаштары аркылуу вербалдашат: кубаруу, бозоруу, калтыроо, кыйкыруу, титирөө, көзү чакчайуу ж.б.

2 – метафоралык жол аркылуу вербалдашат: жүрөгү түшүп калуу, жүрөгү алкымына келүү.

Кыргыз тилинде бул эмоциянын номинанты катары коркуу, чочуу, жүрөгү түшүп калуу деген синоним сөздөр менен колдонулат.

«Манас» эпосундагы коркуу сезимин туюндурган сөздөрдү төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүүгө болот: а) коркуу эмоциясынын адамдын жүрүм-турумуна тийгизген таасири; б) эр жүрөктүүлүктүн карама-каршысы; в) өлүм жана коркуунун айкалышы; г) коркуу сезиминен чыгуу д) коркуунун тарбиялоочулук функциясы.

«Манас» эпосунда коркуу эмоциясынын физиологиялык, мимикалык жана жүрүм-турумдук номинациясы арбын камтылган. Алардын текст ичинде вербализацияланышы стилистикалык ыкмалар, лексика - фразеологиялык бирдиктер, физиологиялык белгилерди сүрөттөгөн маанидеги лексемалар аркылуу ишке ашат.



Коркуу. Чочуу, жалтануу, кооптонуу, жүрɵгү жок, кайратсыз болуу түшүнүгүн берет [КТС2: 21]: «Барсаң, барсаң, барсаң!» - деп, Кайраттуунун баарысын. Баралбады баарысы, Ɵңүнɵн чыгып сарысы, Камалып коркуп токтолду [СО: 179], же: Акылы кетип аз болуп, Коркуп ɵңү саз болуп [СО: 1041], - деп коркуу эмоциясын коштоп жүргɵн адамдын жүзүндɵгү ɵзгɵрүүлɵр жана аларды чагылдыруучу ымдоо-жаңсоо белгилер эпосто манасчы тарабынан ийине жеткирилип сүрɵттɵлгɵн. Мында ɵңдүн саргарышы, ɵңү саз болуу деген бейвербалдык каражатты аркылуу туюндурулуп жатат. Же болбосо: «Ɵлɵбүз!»-деп, ɵкүрүп, Ɵткɵн ишке ɵкүнүп, Yйүн кармап чеп кылып, Арбып кетип алтайлык, «Айрылдык кара жандан!»-деп, Аманат жандан шек кылып [СО: 71]. Ɵкүрүү, ыйлоо, кɵзүнɵ жаш алуу жана башка лексемалар менен бейвербалдык каражаттар, башкача айтканда, фонациялык элементтер коштоп, коркуу сезимин билдирип жатат. Андан сырткары коркуу сезимин тилибизде башка лексемалар менен да берилет.

Жалтануу - жазганып башты булкуп алуу, жалт берүү, чочуп селт этүү, тик карай албоо жалтаңдоо [КТС1: 485]: Алманбеттен жалтанып, Ата уулулар кол салбай, Алдырашып калыптыр [СО: 1034]. Дагы бир экинчи маанисинде, жазганчаак, тартынчаак, коркок, ийменчээк, жалтаң, тике багынып карай албоо, тайсалдоо, жалтайлоо деген кыймыл-аракетинин, мимкасынын бейвербалдык каражаттары аркылуу берилиши [КТС1: 485]: Алтайга кабар бер-деди, Жалтанып жатып калбасын [СО: 177].

Жалтаюужазгануу, ийменүү, тартынуу, жалтактап чечкиндүү боло албоо, тайсалдоо, жалтаңдоо [КТС1: 484]: Бири эмес баарысы, Жашы менен карысы, Жалпы аламан аттансын, Жалтайып жатып албасын. Жалтанамын-деп, туруп, Жаман ишке калбасын [СО: 177].

Сороюууркуюп, сорогой тартып чыгып туруу [КТС2: 445], коркконунан сестенип, денесин кайда катаарын билбей, ɵзүн ыңгайсыз сезип, кирээрге ийин таппай турган абал: Марттык балбан баш болуп, Колду кɵрүп короюп, Коркуп турду сороюп [СО: 253].

Жалпаюу - Жалпы аламан аттансын, Жалпайып жатып албасын. Жалтанамын-деп, туруп, Жаман ишке калбасын [СК: 176].

Кылчайбастан жүгүрүү - мойнун буруп, артын карабай чуркоо, коркконунан артты караганга да, чамасы келбей, коркуп, жанын ала качуу [КТС2: 173], Кылчайбастан жүгүрүп, Кыстоо түшүп башына, Кыйла жандан түңлүп [СК: 853].

Кылчактоо – улам-улам арт жагына карануу, кылчактоо [КТС2: 172], бирɵɵдɵн коркконунан качып баратканда, алысбы же, жакындабы куугун билиш үчүн тынчсызданып, артына улам карап баруу: Аркасын карап кылчыктап, Коңурбай качып калган кез экен [СК: 842 ].

Жапыстоо – бийиктиги жагынан ортодон тɵмɵн, жапыс, ылдый, эңкейүү маанисин берет. Корккондо, жалтактап качып жɵнɵгɵндɵ кейкейбестен жерге эңилип ылдыйлоо ишаараты: Алтайлык качып ар жакка, жапыстап кетип баратат [СО: 73].

Каарына тура албоо – жанына жакын жолой албай, коркуп, сестенип качуу: Алманбет баскан жол жагын, Ача берди казактар, Каарына тура албай, Кача берди казактар [СО: 1034].

Такат кылып тура албоотуруштук, чыдамдуулук кыла албоо, тынчы кетүү, коруу, корунуу ж.б. маанилерин билдирет [КТС2: 490], Арстан эрди кɵргɵндɵ Ɵлүм келди оюна, Такат кылып тура албай, Калтырак кирди оюна [СО: 231].

Жалдыроо - адам коркконунан жалдырап карап калуусу, эси оогондой шалдайып максатсыз карап отура берүү, кыймылсыз бир нерсени тиктеп калуу кинемасы аркылуу ишке ашат. Мисалы: Карап алып бир-бирин, Жалдырашып калыптыр [СО: 1035].

Калтыроо - корккондо, ачуусу келгенде ж.б. учурда токтоно албай денеси титирɵɵ, калч-калч этүү [СО: 756]. Кытайдын алпы Мадыкан Күндɵй болуп күркүрɵп, Уккан киши калтырап, Бүткɵн бою дүркүрɵп, Качырып калды Манасты [СК: 756]. Же: Мандикердин баарысы, Бая Басаңдан коркуп калтылдап. Байкуш бай муну билбеген, Барып калды салпылдап [СО: 86]. Айбаты катуу заары күч арстан эрди көргөндө, Өлүм келди оюна, Калтырак кирди боюна [СО: 231].

Алдыроокорккон кезде ɵзүнүн кыймыл-аракетин башкара албай, эмне кыларын билбей шашып калган, ɵзүн жоготуп койгон абал [КТС1: 99], мисалы: Алманбеттен жалтанып, Ата уулулар кол салбай, Алдырашып калыптыр [СО: 1034].

Сексейүү - Аттын коюп жалына, Кайра чаап эр Манас Сексенине барганы, Сексейишип сексени Манаска кɵзүн салганы [СО: 130].

Далдыраэмне кыларын билбей калуу, дал болуу, шалдаюу, эси чыгып, дендароо болуп корккондогу эмоциялык абал. Акылы кетип далдырап, Араң кетип баратат [СК: 805].

Делдейүү - эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу, коркконунан далдайып, серейип, соксоюп туруп калган дененин кыймылы: Ашталы балбан баш болуп, Кырылып түштү сегиз жан. Сегизи ɵлүп селдейди, Баатырлар коркуп делдейди [СО: 219].

Далаюу – “Кайда кеткен каныбыз? Мынча келген кɵп аскер, Калбайт ко тирүү жаныбыз!” Капырдын баары далайып, Карап турду шалдайып [СО:200].

ШалдаюуТарбанга тийип тарбайып, Ɵлдү бирɵɵ далбайып, Ɵзгɵлɵрү катылбай, Кетти - деди шалдайып [СК: 189].

Селдейүү - апкаарып, калтаарып же эси оой түшкɵндɵ, таң калганда, ɵзүн жоготуп койгон учурда ж.б. кыймылсыз делдейип туруп калуу [КТС 2:428]: Коркконунан селдейип, оозунан кеби түштү дейт [СК: 509].

Орою чочуубети, жүзүнүн корккон, чочугандай, корунгандай абалга келиши [КТС2: 329]: Орго салган он тɵртүн, Олорду аман алыптыр. Ороого кирген айкуштар Орою чочуп калыптыр [СО: 239].

Дүргүү - дүрбɵɵ, дүрбɵлɵң түшүү, жапырт жɵнɵɵ [КТС1: 447], кыймыл- аракеттери адам корккон кезде, күтүүсүздɵн кол салганда же жаман кабар укканда ызы-чуу түшүүсүн ушул лексема аркылуу тилибизде ишке ашат. Дүргүү баш-аламанга түшүү, качуу, кым-куут болуу, чак-чалекей түшүү, баш кɵргɵндү кɵз кɵрбɵйт деген маанини билдирип турат: Бабаң: «Кепти ук -деди, Мына ушундай кылыңар, Баарың ылдам чык!» - деди. Айтканын угуп дүргүшүп, Коркоктору мүргүшүп, Забар зындан барганы [СО: 173].

Дүрбɵɵ - Кандай кабар алышты, Калайык дүрбɵп калышты, Жеркендеги түрккɵ Жетип кабар салышты [СО: 176].

Чочуу - Чочуп кетип Ажыбай, Жетип келди дыр коюп [СК: 805].

Дүүлүгүү - ар кандай таасирге учуроонун натыйжасына денеде ачыштыргандай, тызылдаткандай, ысып чыккандай сезим пайда болуусу [КТС1: 448], корккондо адамдын ички ой-туюмунан сырткары дене да бейвербалдык каражат болгон дененин калтыроосу, титирɵɵсү коштолоору бышык: «Эй, калайык!»-деп, айтат Түрктɵн катын туубайбы? «Бир катыны тууду»-деп, Дүүлүксɵм кудай урбайбы! [СО: 77].

Элирүү – коркконунан да чочуганынан да эч нерсеге карабай, энтиге кыймылдашы: Эси чыгып калмактан Элиргенин билбедим, Же коркуп калып калмактан Коруганын билбедим [СО: 66].

Апкааруукорккондо шашылып эмне кылаарды, эмне дээрди билбей аптыгуу, сɵз келбей, сɵз таппай сүйлɵй албай калуу [КТС1: 126], Айбатына баатырдын Апкаарыша калышып [СО: 1024]. Аяр деп койсо апкаарып мынча коркуп турдуңар! [СО: 256]. «Эми бир айтып бергин?»- деп, Алмамбет антип сурады, Ата уулунун баарысы Апкаарышкан убагы [СО: 1026].

Титирөө - майда калтырак басуу, дирилдɵɵ абалы [КТС2: 556] корккон абалды туюндурган дене кыймылы болуп саналат: Титиретти журтту, Тикирейип мурутту, Эшикти тосуп алыптыр, Каарын жүзгɵ толтуруп, Жүүртɵ басып олтуруп [СО: 1051].

Калчылдоокоркконунан калч-калч этүү, калтыроо: Ɵжɵрлɵрү калчылдап, Ɵтүмдүүнүн баарысы, Ɵрттɵй кɵзү жалтылдап [СО: 222].

Мүргүү - сүрдүгүү, мүдүрүлүү, тайгылуу, коркконунан, чочуганынан жүдɵй түшүү, чалынуу, илең-салаң абалда болуу: Баарың ылдам чык!-деди. Айтканын угуп дүргүшүп, Коркоктору мүргүшүп, Забар зындан барганы [СО: 173].

Дүргүү - Кытайдын баары дүргүшүп, Коркоктору мүргүшүп, Алтымыш миң аскери Айгай салып та-талап [СК: 161].

Энтелөө, энтеңдɵɵ- абдан шашкалактап энтигүү, чый-пыйы чыгуу [КТС2: 853], корккондо адам шашакалактап, энтелеп калуусу. Мисалы: Дɵɵдүр барды энтеңдеп, Эр Манастан келтек жеп, Ɵкүргɵндɵн бакырып, Ɵкүрүгү таш жарып [СК: 205], же: Энтелеңдеп дүрбɵшүп, Алапайын табалбай [СК: 198].

Акылы качуу - коркконунан эмне сүйлɵɵрүн билбей, оозунан кеби түшүү, сүйлɵɵр сɵзүн таппай, алактап калуу: Акыл качып алдырап, тил байланып жалдырап, Мууну кетип шалдырап, Жашын тɵгүп койнунуна [СО: 1054].

Далысы куушурулуу – адамда коркуу сезими болгондо далысын куушурултуп, ɵзүн ыңгайсыз абалга түшкɵнүн билдирип коюучу дененин кыймылы болуп саналат. Аны чыгармаларда же, оозеки сүйлɵɵ кебибизде далысы куушурулду деген сɵз айкашы менен беребиз. Ɵлɵбүз – деп, баарысы, Куушурулду далысы, Куп жүдɵдү баарысы [СО: 1052].

Дүңкүйүү - жондонгон, дүңкүйгɵн кɵрүнүштɵ болуу [КТС1: 445], [СО: 1034], коркуп, кысынып, айласы куруп, амалсыз турган мезгилде башы бир аз эңкейиңки абалда болуп, далысы чыгып калуу бейвербалдык кыймыл-аракети менен коштолот: Түрк уругу барсыңбы!? Баарың дүнкүйүп жатып алдыңбы?! Байгур уулу барсыңбы, Баарың баш кɵтɵрбɵй калдыңбы?! [СО: 65].

Кусуу – ичкен-жегенин кайра оозунан чыгарып окшуп таштоо [КТС2: 115], чындыгында коркуу сезими болгондо, ар бир адамдын ар кандай реакциялык абалы болот, ошонун кээ бир учурларында ушундай абалга да келет: Түрүн Манас бузуптур, жүрɵк чочуп кырк баатыр, Түгү калбай кусуптур [СО: 1052]. Же: Ал мүнɵзүн кɵргɵндɵр, Yч күн үйдɵ кусуучу, Жүдɵп болуп алуучу, Жүрɵгү чыгып калуучу [СО: 1051].

Окшуу – кусуп жибере турган болуп жүрɵгү айлануу [КТС1: 304], Күтүүсүз жерден катуу коркуп кеткенде, жүрɵгү кабынан чыкчуудай болуп катуу согуп, жүрɵгүнɵ келип тыгылып, дал болуу эмоциялык абалга түшкɵнүн күчɵтүү аркылуу тилдик каражат менен берилиши: Баркыраган доошу Тай чабым жерден угулду, Олтурат элем үйүмдɵ, Окшуп келип жүрɵгүм, Оозума келип тыгылды [СО: 37].

Айласы кетүү- эч амалын таба албоо, аргасы түгɵнүү, кыйын абалда калуу, эмне кылаарын билбей абдан кыжалат болуу. Корккон кишинин ɵтɵ кыйын абалда калганда алаңдап, кɵздɵрү жалдырап, эки алаканын жайып олтуруп калганы [КТС1: 87] : Алакɵɵдɵн Коңурбай, Айласы кетти бир далай [СК: 898].

Yшү кетүү- катуу коркуп жүрɵк заада болуу, абдан мүңкүрɵгɵн, үрɵйү учуп абдан корккон абалда болуу [КТС1: 674]. Түрүн кɵрүп баланын, Yшү кетип калганы. Канчырынан кан тамган, Караса кɵздɵн от жанган [СО: 209]. Же: Улуксунган Актемир, Ушу жерде кɵрдү Жакыпты, Yшү кетти Канынын, Тынчы кетти жанынын [СО: 1118].

Мууну кетүү - кээ бир учурларда, мууну бошоо, мууну калтыроо деген синонимдик сɵз айкаштары менен да алмаштырылып колдонулуп келет, муун деген деген сɵз бул жерде - каруу, күч, кубат маанисинде келип, корккондо адамдын муунундагы каруу-күчү кетип, алсызданып, дендароо боло түшкɵндɵгү абалы: Акылы качты алырап, Мууну кетип шалдырап, Жашын тɵгүп койнуна, Ɵлүмдү алып мойнуна [СО: 1052].

Сабылуу – аябай жан далбастап аракет кылуу, умтулуу, тырышуу, жан соогалоо, үшү кетип, коркуп турган же ɵлүм коркунучу турган адамдын эмоциялык абалында дененин, колу-буттун кыймыл-аракети активдүү болот: Кыяз турду сабылып, Канчорого жалынып [СО: 204].

Ɵйдɵ-тɵмɵн туйлоо - жогору, ылдый баса берүү, жогору чыгып, ылдый түшɵ берүү [КТС2: 345], корккондо алаңдап, бир орундунда тура албоо кинемасы тынчсызданууну, сабыры түгɵнүүнүн, айласы кеткендикти билдирет. Коркуп жүрүп ыйладым, Ɵйдɵ-тɵмɵн туйладым [СК: 615].

Ɵйдɵ-тɵмɵн жүгүрүү - тынчы кетип, коркуп, ары-бери, жогору-ылдый баса берүү, бир орундукта тура албоо: Ɵɵдɵ-тɵмɵн жүгүрүп, Ɵрттɵнгɵн дүйнɵ оңбой кал, Ɵмɵлɵп кытай келгенде, өлөм-деп жандан түңүлүп [СК: 892].

Уйгу-туйгу жүгүрүү - баш аламан, бир калыпта эмес, ɵйдɵ-ылдый, уюлгуган сыяктуу [КТС2: 637], адам корккон кезде да шашкалактап, эмне кылаарын билбей дендароо боло түшкɵндɵгү абал: Уйгу-туйгу жүгүрүп, «Кырып иер бекен»-деп, Кызыталак жандан түңүлүп [СК: 346].

Жалынуу – жалбарып, жан дили менен абдан сурануу, жалдырап ɵтүнүү, кимдир бирɵɵдɵн корккондо, жан соогалаганда, ырайым күткɵндɵ суранганда жалынат. Анда, муңкангандай доош чыгып, кебетеси да аянычтуу абалда болуп, бүрүшкɵн, корунган кыймыл-аракет коштойт. Заарынан коруп чоронун, Кыяз турду сабылып, Канчорого жалынып [СО: 204].

Эмне кылаарын биле албай калуу- коркконунан кайсактап, эмне кылаарын билбей, психологиялык жактан ɵзүнүн баскан-турган абалына жооп бере албай, денеси, колу-буту чар-жайыт кыймылга келип, дал болуп калаган абалы. Алдырай түштү калмактар, Не кыларын биле албай [СК: 798].

Батына албоо батын этишинин терс формасы, батын-кайра тартпаган, ɵтүмдүүлүгүн кɵрсɵткɵн мамиле жасоо [КТС1: 230], тартынбоо дегенди билдирсе, батына албоо тескерисинче мококтугун, коркконунан эч нерсеге даай албай, адамдын колу буту, денеси кыймылга келбей туруп калган абалы: Кор башысы Актаяк, Коркуп алар жан аяп, Батына албай тарады [СО: 1101].

Айбатына чыдабооайбат - бирɵɵнүн кол салышына, ɵкүмдүк, зордук кылышына каршы кɵрсɵтүлгɵн кайрат, каршылык [КТС1: 50], сүрдүү, айбаты күчтүү, каардуу, ачуулуу адамдын жанына жолой албоо: Аны айтып акырып, Ат койду Манас бакырып, айбатына чыдабай, Канкус тоону бет алып, Качып Жолой калыптыр [СО: 143].

Чочуу - коркуп селт эте түшүү, кооптонуу [КТС2: 738], Чоң балекет келиптир, чочуп келди жаным-деп [СО: 1110]. Же: Каарданып кабылан, Калайыкты чочутуп [СК: 407]. Душман болду кумдан мол, Чочуду биздин жаныбыз [СО: 201].

Ыргып турууадам күтүүсүз нерсе, окуя болгондо, катуу үн чыкканда, күтүүсүз кабар укканда коркконунан отурган ордунан ыргып тура калат же денесинин селт этип, ыргып барып кайра калыбына келиши. Бул эмоциялык абал дене кыймылы аркылуу берилет: Жакып мындай дегенде, Безгек сайган эмедей, Ыргып кетти эр Манас: «Кокуй, ата, не дейсиң?!» [СК: 255]. Же: Айза менен сайгандай, Ыргып туруп ордунан, Кылыч алып колуна, Кыйкырып турду кан Манас [СК: 769].

Шашуу – апкаарып, эмне кыларын билбей шашкалактап калуу, оңтойсуздана түшүү, шаштысы кетүү [КТС2: 786], Коң тɵрɵ, Жолой баш болуп, Коркуп жаны шашкан-деп [СО: 1054].

Качуу – жеткирбɵɵ, алыстап кетүү, кутулуу үчүн аракет кылып жүгүрүү, карматпоонун аракетин кылуу [КТС1: 809]: Чабдарга камчы салыптыр, Чарк айланып кɵп колун, Айлана качып калыптыр [СО: 100].

Антаңдоо – карбаластап, эмне кылаарын билбей коркконунан шашкалактап, шаштысы кетип энтелеңдɵɵ, кыйынчылык тартып чабалактоо, эси эки болуп кыйналуу [КТС2: 786]: Кызыталак Алакɵɵ Кɵргɵн экен бирди - деп, Кɵп аскер тилдеп шалпылдап, Качып-үркүп антаңдап [СК: 414].

Пикир алышууда бейвербалдык каражат катары саналган үндүн чыгышына да көңүл буруу керек. Кептеги үндүн бийиктиги, тембри ритмика-интонациялык жалпы аталышы просодика деп аталат.



Просодикалык жана экстралингвистикалык каражаттар кеп агымын тиешелүү белгилер менен камсыз кылып турат. Алар кептик айтымда тилдик каражаттардын ордуна колдонулуп, ар кандай эмоцияны чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анткени адам баласынын ички сезиминде, ой-туюмунда болуп жаткан нерселер анын үнүнө, кебинин ылдамдыгына таасир этип, угуучуга ал жөнүндө маалымат берет. Ал эми жазууда алар тиешелүү сөз каражаттары менен чагылдырылып берилет. Алсак, манасчылар «Манас» эпосунда коркуудан улам пайда болгон просодикалык каражаттарды көркөм таасирдүү сөздөр менен бере алганын көрөбүз.

Ый, ыйлоо – коркуунун эң бир жеткен чеги катары ыйлоо же, үнүн чыгарып зарлоо болуп саналат. Бул фонациялык бейвербалдык аркылуу адам ɵзүн алсыз, жанын кыйналгандыгын билдирет: Эне-атасын кыйраткан, Кыжылдаган кытайдын Кыз-катынын ыйлаткан [СО: 321].

Чыңыруу абдан катуу, ачуу ичке үн чыгаруу, ушундай үн чыгарып ыйлоо [КТС2: 762], чочуп, коркуп, же алсыз болуп турганда, ал сезимди фонациялык каражаттар аркылуу берилиши: Чыңырды бала ордогу, Кошойдон коркуп шордоду [СК: 164].

Боздоо буркурап муңдуу ыйлоо, муңкануу, зарлап какшоо, [КТС1: 291], коркконунан, жалынып-жалбарып, боздоп, сыздоо: Тизеси жерге бүгүлүп, Тилеп турду жүгүнүп, Ыйлап турду буркурап, Ɵкүрүп-ɵксɵп даңгырап [СК: 803].

БуркурооБаары басты буркурап, Тизеси жерге бүгүлүп, Кытайча чокунуп, жүгүнүп, Алмамбеттин алдына Таазим кылды чуркурап [СК: 656].

Чуркуроо - чурулдап жалпы, жапырт үн чыгаруу бул фонациялык үн каражаты аркылуу, адамдын коркуу сезимин туюндурат, ызы-чууга түшүп, баш-аламан болуп, чуу кɵтɵрүлүп кеткен учурду кɵрсɵтɵт: Айгай кулак тундуруп, Ɵкүрүгү таш жарат! Жүрɵгүндɵдɵ чаң буркурап, Эсенкандын кɵп аскер, Ɵлɵң айтып чуркурап [СК: 227].

Жашуу мууну бошоп ыйлагысы келүү, зээни кейүүдɵн, корккондон, карпа болгондон мууну бошоп кетүү, ыйлап жибере жаздоо, кɵзүнɵ жаш алуу [КТС1: 531]: Каны суудай ташыды, Каракан түшүп эсине, Калың журттар жашыды, Кара калмак манжуу журт, Каарын салып узду алды [СК: 25].

Тили байлануу – коркконунан кеп сɵзгɵ келе албоо, сүйлɵй албай абдырап, сɵз таппай калуу: Акылы качып алдырап, Тил байланып жалдырап, Жашын тɵгүп койнуна [СО: 1052].

Мукактануу – сөз айтайын деп айта албай токтоп калуу, шар сүйлөп кете албоо [КТС2: 125]. Муну айтып бай Жакып мукактанып турады. «Мырдар атыңды бат айт» -деп, Булар күчөп сурады. Жакып атын жашырып, «Бердике деген мен» –деди [СО: 112].

Апкааруу – корккондо, шашылганда же сүрдөп калганда эмне кыларды, эмне дээрди билбей аптыгуу, сөз келбей, соз таппай сүйлөй албай калуу: Аман эсен Жуда –деп, Апкаарышып жаш балдар «Манас козу сойду» -деп, «Калп айтышты булар» –деп [СО: 55].

Сɵздү айтууга тили келбɵɵ – тили күрмɵɵгɵ алы жок, алдастап, эмне дээрин билбей, корккон абалда калуу: Сиз түшкɵн соң чантууга, Тил келбей сɵздү айтууга, Кайрат кылдык ɵлмɵккɵ, бул дүйнɵдɵн кайтууга [СО: 223].

Жашка жуулууБаркырады, ыйлады, Акылы кетти башынан, Алды жуулду жашынан [СО: 110].

Бирин-бири кучактоо аябай катуу коркуу сезими болгондо жанындагы адамды бек кучактоо, кармоо, бири-бирин кучактап калуу кыймыл- аракети аркылуу ɵтɵ катуу коркуп жаткан сезими туюнтулуп жатат: Ɵжɵрлɵрү калчылдап, Ɵтүмдүүнүн баарысы Ɵрттɵй кɵзү жалтылдап, Кайгайлашып кытайлар, Бирин-бири кучактап [СО: 222].

Эпосто берилген психологиялык коркуу абалынын бейвербалдык каражаттарын тɵмɵнкүдөй топтоштурууга болот:

1) Беттин, жүздүн ымдоолору, ɵңдүн, түстүн ɵзгɵрүшү (мимика) – чочуу, айбыгуу, жалдыроо, абдыроо, нес болуу, ыйлоо, делдеңдɵɵ, саргаруу, бозоруу, саз болуу. ж.б.

Ɵңү кубаруу - корккон мезгилде адамдын ɵңү ɵзгɵрүлүп, ички эмоциясын билгизип, дененин, колу-буттун кыймыл-аракети да ой-пикирин коштоп турат жана ошого параллелдүү түрдɵ адамдын ɵң-түсү да ɵзгɵрөт. Башкача айтканда, ɵңү кубарганда адамдын бир нерсеге коркконун же жагымсыз нерсе болгонун айттырбай билинет. Yзɵңгүдɵн бут тайып, Ээрден кɵчүк булайтып, Кубарып ɵңү суюлуп, Эки беттен аккан жаш, Акырек ылдый куюлуп [СК: 189].

Сумсаюу– суздануу, кейиште болуп томсоруу [КТС: 458], корккондон эмне кылаарын билбей, кабагы түшүп отуруп калган мимикалык кыймыл болуп саналат: Баягы турган жигиттер, Баары коркту сумсайып. “Сумсайбаңар, баатыр – деп”, Буларга мен сонунду кылам акыр-деп, Кырк беш тɵɵ жүк экен, Олжо кылам такыр – деп [СО: 788].

Түрүн бузуу – кебете-кейпи, ɵң-түстүн корккон абалдагы ɵзгɵрүлүүсү, бозорушу, карарышы ж.б.: Түрүн Манас бузуптур, Журөк чочуп кырк баатыр Тугү калбай кусуптур.

Ɵңү саз болуу бир нерсеге катуу кыжаалат болуп, коркконго, терең ойго баткан кезде, жаны кыйналып турганда, акылы качып, эмне кылаар айласын таппай, алаңдап калган кезде, ɵңү ɵзгɵрүлүп кир сары тартып калганда тилдик каражатыбыз аркылуу берилиши: Акылы кетип аз болуп, Өӊү кетти саз болуп, Каркконунан Алмаңдан, Коркурап куру мас болуп [СО: 1041].

Сестейүү – коркуп, чочуп, элейип туруп калуу: Эмне болуп кетти? –деп, Сестейип эл дал болду [СК: 599].

2) Баштын кыймылы – тескери кароо же башын тескери багып кетүү, эки жагын карануу, башын чайкоо ж.б:



Баш чайкоо – бир нерсеге абдан ɵкүнүп, коркуп турган мааниде колдонулат: Калмактардан кан Жолой Башын чайкап күйүнүп. «Кармаса кыргын салат»-деп, Кайран жандан түңүлүп [СК: 152].

Баш кɵтɵрбɵй калуубаш ийип, жүгүнүү кыймыл аракети, адам корккон кезде, жалтанганда да кааласаң да, каалабасаң да дене мүчɵлɵрү ийилип, баш жерге карата шылкыйган абалда болуп, аркасы бүкүрɵйган абал аткарылат, бул кыймыл аракети түз маанисинде да, ɵтмɵ маанисинде да бир түшүнүк берип, багынуу, коркуу дегендикти байкатып турат: Түрк уругу барсыңбы!? Баарың дүңкүйүп жатып алдыңбы?! Байгур уулу барсыңбы, Баарың баш кɵтɵрбɵй калдыңбы?! [СО: 65].

3) Колдун жаңсоолору, ишаараттары (мануалдык) – колу менен калкалануу.

Дененин кыймылы, абалы (корпорация) – калдаюуу, качуу, козголуу, обдулуу, титирɵɵ, калчылдоо, жүгүнүү.

Жүгүнүү - кошомат кылуу, жагынуу, кечирим суроо, бɵйпɵңдɵɵ, баш ийип кулдук кылуу [КТС: 599], коркуу эмоциялык абалынын аша чаап берилиши: Жан соогалап баарысы, Жаш-карысы жүгүнүп [СК: 201]. Тизеси жерге бүгүлүп, Кытайча чокунуп, жүгүнүп, Алмамбеттин алдына Таазим кылды чуркурап [СК: 656]. Көөдөндө ысык жаны бар, Бирөө кирди сороюп Ордо толгон көп кытай Дүргүп тура калышты, Баарылары жүгүнүп, Таазим кылып салышты. Карылардын баарысы Тизелери бүгүлүп Кайраты жок жамандар Кытайлардын астына Келин болуп жүгүнүп [СО: 26].

Бою дүркүрɵɵ - бул сɵз айкашы аркылуу дененин, бойдун корккон, чочуган кезде дүр дей түшүүсү: Кудай бетин кɵрсɵтпɵ, Мурундун баары бүлүнүп, Кулактын баары кулжуюп, Тарсылдактан жулунуп, Туш-тушунан кɵргɵндɵ, Пенденин бою дүркүрɵп [СК: 187] . Же, Коңурбай келет артынан, Күндɵй болуп күркүрɵп, Кɵрүп турду Алмамбет,бүткɵн боюу дүркүрɵп [СК: 682].

Бою калтыроокоркуу сезими болгондо денисин калтырак басуусу, Кыраан Манас барганы, Карап алып катыны. Кара бою калтырап, Коркуу кирди акыры [СО: 230].

Кылчылдоо – Бети-башы тырышып, Кылчылдап кытай турганда, Алмамбет, Сыргак аты уйкаш, Аянбай салды согушту [СК: 693].

4.Yндүн ɵзгɵрүлүшү (фонация) – кыйкыруу, бакыруу, акыруу, айкыруу, апкааруу.

5.Ооздун кыймылы - жутунуу, оозун ачуу.

6.Кɵздүн кыймылы (окулесика) – чекчейүү, көзү жалтылдоо, көзү алактоо, көзү кылайуу ж.б.



Кɵзү жалтылдоо – коркконунан ыйлагысы келүү, жашып кетүү, айла-амал таппай, жардам суроо: Ɵтүмдүүнүн баарысы Ɵрттɵй кɵзү жалтылдап, Кара жашы буурчактап [СК: 222].

Кɵзү алактоо- кɵзүнүн кареги чоңоюп, чаарынан чыгып кетчүдɵй болуп, алаңдап калуу, коркконунан, шашып, кɵзү тоголок боло түшүү: Ач бɵрүдɵй алышып, Арманы жок салышып, Кол сындырып шалактап, Бут сындырып салактап, Коркокотун кɵзү алактап [СО: 1114].

Көзү кылаюу - Эки көзү кылайып, Өлө турган эмедей, Акырайып алайып, Ары –бери темтейип, Туйлап жаткан андан көп [СО: 663].

7.Буттун кыймылы – буту калтыроо, тизе бүгүү ж.б.



Тизеси бүгүлүү - бутту тизеден бүгүп, ныгырып олтуруу багынуу, баш ийүү, коркуу [КТС2: 543], «Жаным калар бекен»-деп, Энтелеңдеп тоо байлап, Качкан кыргыз мындан кɵп. Каарылардын баарысы Тизелери бүгүлүп, Кайраты жок жамандар, Кытайлардын астына, Келин болуп жүгүнүп [СК: 41]. Тизеси жерге бүгүлүп, Кытайча чокунуп, жүгүнүп, Алмамбеттин алдына Таазим кылды чуркурап [СК: 656].

Буту салактоо – аябай эси чыгып корккондо, дарманы кетип, мууну бошошкон абал: Билегинен сап кетти, Жүрɵгүнɵн кап кетти, Айтып коюп ал кепти, Кɵзү кетти алактап, Буту кетти салактап [СК: 255].

Бүк түшүү - буттарын бүгүп, кɵмкɵрɵсүнɵн бүрүшүп жатуу, кайгыга жеңдирип, күйүткɵ алдырып, күчтɵн тайып мүңкүрɵп калуу, чɵгүү дегенди билдирет: Он эки катбы бечара, Жүрɵгү түшүп ɵлүптүр, Түшкɵндɵ бала тик түшүп, Кɵргɵн кемпир бүк түшүп [СК: 142].

8. Аралыктын сакталышы – качуу, кашына келе албоо, жакын жолой албоо, тушуна келе албоо: Кашына келген бир жан жок, Кармай турган тири жан жок. Тушуна келер бир жан жок, Тута турган тирүү жан жок. Кашына келе албоо – жалтанып, айбыгып, коркконунан маңдайына даап келе албаганын билдирип жатат. Проксемикалык каражат, башкача айтканда, аралыктын катышы берилип жатат: Кашына келген бир жан жок, Кармай турган тири жан жок [СО: 1607].



Тушуна келе албоо - үшү кетип, даап бастырып келе албоо, бешенесине же, кɵзүнɵ кɵрүнүп тура албоо дегенди билгизип жатат, бул жерде да, бейвербалдык каражат болгон аралыктын сакталышы түшүндүрүлүп жатат: Тушуна келер бир жан жок, Тута турган тирүү жан жок [СО: 1608].

Кээ бир учурларда адам жасаган ишинин жыйынтыгынан алдын ала коркуп, ичи туюмуна, жан дүйнөсүндө кыйналып, өзү менен өзү сүйлөшүп, денесинде пайда болгон коркунуч сезимден арылыш үчүн айла издей баштайт. Мындай адамдын учурундагы коркуу көрүнүштөрү эпосто мындай сүрөттөлөт:

Каныкейдин эр кийимин кийип, салтты бузуп, жесир экенин унутуп, элде жок ишти жасап, бөтөн эл-журтка уят кылып, карыган Тайторуну ат чабышка кошконуна ачууланган Ысмайылдын каардуу жини менен эжесин өлтүрүү үчүн келе жаткан Семетейден коркуп айла таппай турган жерин карап көрөлү. Каныкей бул кабардан мурун да өзү жасаган иши оңунан чыгар бекен деп бүдөмүк болуп, аны төлгө катары жасап жаткандыктан, Семетейди өлтүрүүгө келе жаткандыгы анын жан дүйнөсүнө бүлүк салып коркуу сезимин күчөттү. Каныкейдин бул учурдагы ички абалын, сырткы көрүнүшүн контексттеги Өрттөнүп ичи болду чок, Көзүнүн жашы төгүлүп, Кабырга сөөгү сөгүлүп, үстүнө каран түн түштү деген саптарда түшүндүрүлдү [Рыскулова 2008: 19]. Бул саптарда коркту деген атайын лексема айтылбаса да, контексттен Каныкейдин корккон абалын сезип-туябыз.

Ошондой эле коркуу абалынын фазеологизмдер аркылуу берилишин да карап көрөлү:



Жаны чыгуу- бир нерседен кооптонуу, катуу коркуу, үрɵйү учуу [КТФС: 92], Мунун жүрɵгүнɵн чаң чыгат, Добушунан жан чыгат [СК: 865]. Оргуп-оргуп чаң чыкты, Чаңга чыдап тура албай, Ойлонсоң, менден жан чыкты [СК: 426].

Акылдан адашуу – шашып же коркуп кетип, эмне кыларын билбей калуу, апкаарып калуу: Капырды сайып өткөндө Канжыгадай кара кан Найзасына жабылды. Аны көрүп Кытайдын Акылы баштан жаңылды. Коркосуң, кайра качтың –деп, Акылыңдан шаштың –деп [СО: 49].

Эсин оодаруу - айласын таптырбоо, коркутуу, чамасын чак кылуу: Эскирип келген куу чалдын, Эсин бир оодарып салсак-деп [СО: 1116].

Жүрɵгү түшүү - катуу коркуп калуу: Байбиче белги кɵрүптүр, Ал белгини кɵргɵндɵ, Он эки катбы бечара, Жүрɵгү түшүп ɵлүптүр [СК: 37].

Коркуу эмоциясынын метафоралык каражат аркылуу берилиши: Болбой эси бир чыкты, Билегинен сап кетти, Манастын түрүн кɵргɵндɵ, Жүрɵгүнɵн кап кетти [СК: 93]. Жүрɵгүнɵн чаң чыгат, Добушунан жан чыгат [СК: 46]. Жалгызга жардам бир кудай, Жалпайбайлы биз мындай. Жалынган менен жан калбайт, Жайытка жалгыз мал калбайт [СО: 187].

Коркуу сезими адамдын психологиясына, жүрүм-турумуна канчалык деңгээлде таасир этиши макал-лакаптар аркылуу терең чагылдырылганын көрөбүз. Алсак: Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш корүнөт. Коркок көлөкөсүнөн да коркот.

Эпостун кээ бир саптарында коркуу сезиминин күчтүүлүгү, башкача айтканда, каармандардын ички сезими, болуп жаткан окуяга болгон реакциясы бир канча сөздөр менен берилген. Мисалы, төмөндөгү саптарды карап көрөлү: Улугунун баары өлгөн, Эси чыгып Манастан Нескара качып жөнөлгөн. Калганынын баары калтырып, Кара көзү жылтырап, Жан соогаттап буркурап, Жалпы баары чуркурап [СО: 101]. Сагымбай бул саптардагы калтырап, көзү жылтырап, буркурап сыяктуу лексемалар аркылуу ошол мезгилде болуп жаткан жагдайды, шартты, абалды сүрөттөп

берген.

Ошондой эле коркуу сезими адамдын психологиясына, жүрүм-турумуна канчалык деӊгээлде таасир этиши макал-ылакаптар аркылуу тереӊ чагылдырганын көрөбүз. Алсак: Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт. Коркок көлөкөсүнөн да коркот деген сыяктуу.



Иште «Манас» эпосунан алынган коркууга байланыштуу түрдүү бейвербалдык абалдарды туюнткан 210 лексикалык бирдик табылды.

Жыйынтыктап айтканда, коркуу коомдук жашоо-турмушка жана адамдын ишмердүүлүгүнө таасир этүүчүлүк мүнөзүнө ээ. Ошону менен бирге кыргыз тилинде коркуу концептиси атайын лингвистикалык изилдөөнү талап кылат.



Каталог: media -> uploads -> Diss
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
uploads -> Балалардың құқықтарын қорғау 2013 «Маңғыстау облысының балалар құқықтарын қорғау басқармасы»
uploads -> Форт-Шевченко қаласын дамытудың 2013- 2015 жылдарға арналған кешенді жоспары
uploads -> Маңғыстау облысы Төтенше жағдайлар департаментінің және бағынышты мекемелердің қызметі бойынша тиімділік талдауы
uploads -> 23. орталық азиядағы тұРАҚты даму "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры
uploads -> Конференция жұмысына 179 елден, оның ішінде Қазақстаннан және әр түрлі қоғамдық ұйымдардан өкілдер қатысты. Онда басты негізгі 5 құжат қабылданды, соның бастыларының бірі «ххі ғасырдың Күн тәртібі» деп аталады
uploads -> Халықты әлеуметтік қорғау және жұмыспен қамту жүйесі басшыларының, мамандарының және басқа да қызметшілері лауазымдарының үлгілік біліктілік сипаттамаларын бекіту туралы
uploads -> Сабақ "Тұрақты дамуға көмектесу" Орталығы" Қоғамдық қоры "Маңғыстау облысының табиғи ресурстар және табиғат пайдалануды реттеу басқармасы"
Diss -> Кыргыз республикасынын


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   12




©www.engime.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет